2026-жылдын 12-ноябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Илим күнүнө арналган «Санариптик доордогу илим: идеялар жана чечимдер» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты: санариптик доордогу илимдин актуалдуу багыттарын, инновациялык идеялар менен практикалык чечимдерди талкуулоо, жаш окумуштуулар менен профессордук-окутуучулук курамдын илимий жетишкендиктерин жайылтуу болду.
Жыйынды кириш сөз менен илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу ачып, куттуктоо сөздөрүн биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев менен мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев айтышты.
Конференциянын пленардык бөлүгүндө төмөндөгү баяндамалар жасалды:
- Жакияева М.А. — География, экология жана туризм факультетинин физикалык жана экономикалык география кафедрасынын аспиранты: «Кыргызстандагы миграциялык процесс”;
- Кадырова Э.Б. — Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун философия, маданият теориясы жана тарыхы кафедрасынын окутуучусу: “Гуманитардык жана фундаменталдык билим берүүнү нарксыздануусу: Улуттук баалуулуктарды жана социалдык-маданий идентттүүлүүлүктү сактап калуу маселеси»;
- Жолдошбеков Н.Ж. — преподаватель кафедры прикладного искусственного интеллекта Института компьютерных технологий и искусственного интеллекта: «Интеллектуальный мониторинг пастбищного скота: GNSS-ошейники, сеть LoRaWAN и искусственный интеллект»;
- Кабланбеков Н.О. — аспирант кафедры финансов Высшей школы экономики: «Развитие цифровых инструментов внутреннего финансового контроля в системе государственного управления Кыргызской Республики».
Иш-чаранын алкагында о.э. илимий жетишкендиктердин көргөзмөсү жана Илим күнүнө карата окуу жайдын айрым кызматкерлерин сыйлоо аземи өткөрүлдү (буйрук).