2026-жылдын 5-ноябрында КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев №6А, №2 окуу имараттарында жана №7 студенттик жатаканада болуп, алардын кыш мезгилине даярдыгы жана учурдагы абалы менен таанышып чыкты.

Кыдыруу учурунда имараттардын жалпы чарбалык абалына, жылытуу системаларынын үзгүлтүксүз иштешине, техникалык жабдуулардын абалына жана чечүүнү талап кылган көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Ректор тиешелүү жетекчилер жана кызматкерлер менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин угуп, көтөрүлгөн маселелер менен жеринде таанышып, жооптуу кызматкерлерге тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле окуу  имараттарын, жатаканаларды талаптагыдай күтүүнү, тазалык иштерин үзгүлтүксүз аткаруу чаралары айтылды.