2026-жылдын 3-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата «Идеядан стартапка: долбоорумду кантип ишке ашырам?» аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Жыйындын негизги максаты — студенттердин инновациялык идеяларын колдоо, стартап долбоорлорун иштеп чыгууга кызыктыруу, жаштардын ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана алардын демилгелерине кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болду.
Иш-чарага КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу катышып, студенттерди келе жаткан Жаштар күнү менен куттуктады. Өз сөзүндө ал жаштардын демилгелерин колдоонун, жаңы идеяларды өнүктүрүүнүн жана аларды иш жүзүнө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал эми Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар башкармалыгынын башкы адиси Бактурсун Сыдыков жаштардын стартаптык жана коомдук демилгелерин колдоонун маанисине токтолду. Иш-чарага жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү да катышып, өз ара тажрыйба алмашышты.
Жыйындын жүрүшүндө стартап долбоорлору боюнча баяндамалар жасалып, катышуучулар өздөрүнүн инновациялык идеяларын жана долбоорлорун тааныштырышты.
Мындан тышкары, студенттердин чыгармачылык жана ишкердик демилгелерин көрсөтүү максатында стартап долбоорлорунун жарманкеси уюштурулду. Анда катышуучулар өз долбоорлорун тааныштырып, идеялары менен бөлүшүп, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чаранын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин коомдук-маданий жана спорттук ишмердүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы тапшырылды:
- Айжан Абдыбековага — Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин директору;
- Бурулкан Курманбековага — тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун башчысы;
- Назгүл Каныбек кызына — жаштар чыгармачылыгы жана маданий-массалык иштер секторунун координатору;
- Адис Рысбековго — ректордун жардамчысы.
Жаштар күнүнө карата уюштурулган спорттук иш-чаранын жүрүшүндө жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен «Жаратман Ордо» уюмунун мүчөлөрү да атайын сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чара студенттердин жаңы идеяларын ишке ашырууга шыктандырып, жаштардын чыгармачылык, интеллектуалдык жана ишкердик потенциалын ачууга, ошондой эле университеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түздү.
(С) Темирбекова Медина — жаштар чыгармачылыгы жана маданий-массалык иштер секторунун башчысы