2026-жылдын 2-ноябрында Улуттук илимдер академиясында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун калк арасында жайылтуу жана талкуулоо максатында уюштурулган республикалык жыйын жана семинарлар сериясы өз жыйынтыгын чыгарып, активдүү катышуучулар сыйланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашырууга, улуттук идеологияны чыңдоого, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана активдүү коомдук-илимий ишмердүүлүгү үчүн Ж.Баласагын атындагы КУУнун илим жана илимий – аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башкы адиси, ф.и.д., профессор М.К.Алишовага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиев Ыраазылык катын салтанаттуу түрдө тапшырды.
Семинардын соңунда катышуучулар “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун идеяларын мындан ары өнүктүрүү, региондордо түшүндүрүү жана жайылтуу иштерин улантуу жана илимий чөйрө менен тыгыз кызматташуу боюнча бир катар сунуштарды кабыл алышты.
(С) Джумаева Айпери — Илим жана илимий – аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн жетектөөчү адиси