2026-жылдын  4-ноябрында  Улуттук университетте “Борбордук  Азиянын бирдиктүү саламаттыгы: илим, билим берүү жана өнөктөштүк» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын экинчи күнү өттү.  Аталган конференцияга  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети бул ири аймактык демилгенин академиялык аянтчаларынын бири катары катышып жатат.

Бүгүнкү секциялык иште жалпы Борбордук Азия аймагы үчүн өзгөчө актуалдуу болгон «Суу, айлана-чөйрө жана калктын саламаттыгы» деген тема каралып, ага илимий мекемелердин жана ЖОЖ өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, жаш окумуштуулар жана студенттер катышты.

Иш-чараны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып берди. Ал өз сөзүндө «Бирдиктүү саламаттык» концепциясынын актуалдуулугуна токтолуп, суунун сапатын, суу экосистемаларынын абалын, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону, климаттын өзгөрүшүн жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну изилдөөгө багытталган илимий иштер илимий гана эмес, чоң практикалык мааниге да ээ экенин айтты.

Конференциянын жүрүшүндө төмөнкү темаларда илимий баяндамалар жасалып, кеңири форматта талкууланды:

  • Зарипова А.А. — х.и.д., профессор, Эл аралык медина жана илим институтунун директору: «Климаттык шарттардын суунун сапатына тийгизген таасирин изилдөө жана машиналык окутуунун жардамы менен суу экосистемаларынын моделин түзүү»;
  • Ашыралиева Д.О. — Биология факультетинин ага окутуучусу: “Көлдөрдөгү жана дарыялардагы суунун микробдор менен булганышын жана бактериялардын антибиотиктерге туруктуулугун изилдөө. Суунун курамын жана сапатын микробиологиялык жана химиялык жактан изилдөө.»;
  • Ибрагимова А.А. — Химия жана химиялык технология факультетинин доценти: “Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы Ысык-Көлдүн суусунун экологиялык абалын баалоо»;
  • Барвинок Ю.Ф. — КУУнун Ботаникалык бакчасынын доценти: “Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү менен бирге Ала-Арча жаратылыш паркындагы Түндүк Тянь-Шандын табигый арча токойлорунун абалын изилдөө»;
  • Дарылкан кызы К. — География, экология жана туризм факультетинин ага окутуучусу: “Нарын облусунда экотуризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карта жана заманбап геомаалыматтык технологиялар аркылуу баалоо»;
  • Бекташова К. — Биология факультетинин студенти: “Бийик тоолуу аймактардагы өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрүн сактоо (Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун мисалында).

Эскерте кетсек, аталган конференция 2026-жылдын 3-ноябрында Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун базасында башталган.

Биринчи күндүн пленардык жыйынында Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, Эл аралык медицина жана илим институтунун студент-лаборанты Мээрим Марсбекова «Комплексная оценка рисков загрязнения воды в системе “человек — окружающая среда”» аттуу баяндамасын тартуулады.