2026-жылдын 31-октябрында Чет тилдер институтунун 2-курсунун ППА-1-25(2) тайпасынын студенти Элена Кубатбекова Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн «Түрк элдеринин мыкты студенти» аттуу эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышып, окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышуусу жана түрк элдеринин жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды.
Бул сыйлык студенттин эмгегинин жана аракетинин жыйынтыгы болуп, анын эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктерин тастыктайт.
Чет тилдер институту Эленаны куттуктап, мындан аркы окуусуна жана ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайт!
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары