2026-жылдын 31-октябрында Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун “Педагогика” багыты тарабынан «Заманбап окутуу жана баалоо усулдары» аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинардын коногу жана баяндамачысы PhD-син Англияда жактаган, азыркы учурда Назарбаев университетинде (Казакстан) профессор болуп эмгектенген Дүйшөн Шаматов болду.

Иш-чарага башка жогорку окуу жайлардан келген окутуучулар, мектеп мугалимдери жана Казахстандык студенттер катышты.

Семинардын жүрүшүндө заманбап билим берүү системасындагы окутуунун натыйжалуу ыкмалары, билим берүү процессиндеги инновациялык мамилелер, студенттердин билимдерин баалоонун заманбап механизмдери жана окутуунун сапатын жогорулатуу маселелери кеңири талкууланды.

Профессор Дүйшөн Шаматов өзүнүн илимий-педагогикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерге токтолду. Ошондой эле окутуучулар үчүн практикалык мааниге ээ болгон усулдар жана эл аралык билим берүү тажрыйбалары тууралуу маалымат берди.

Семинар интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чара окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө, педагогикалык тажрыйбаны өркүндөтүүгө жана заманбап билим берүү тенденциялары менен таанышууга өбөлгө түздү. Дүйшөн Шаматов өзү менен чогуу алып келген айрым китептерин катышуучуларга белек кылды.

Иш-чаранын соңунда Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту профессор Дүйшөн Шаматовго мазмундуу баяндамасы жана баалуу тажрыйбасы менен бөлүшкөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

(С) Энтериева Миргүл — ККДКЖ институтунун «Педагогика» багытынын жетекчиси