2026-жылдын 30-октябрында Журналистика жана коммуникация институтунда Илим күнүнө карата белгилүү интеллектуал, «Что? Где? Когда?» телеоюнунун катышуучусу, «Хрустальная сова» сыйлыгынын 2 жолку ээси Алексей Владимирович Блинов менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү.

«Россия» медиаборборунда уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө конок өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгү, кесиптик тажрыйбасы жана медиа тармагындагы өзгөрүүлөр тууралуу ой бөлүштү. Ошондой эле жасалма интеллекттин коомго жана маалымат каражаттарына тийгизген таасири, бул багыттагы изилдөөлөр, ар кайсы муундун өкүлдөрүнүн жасалма интеллектти колдонуу өзгөчөлүктөрү жана ага карата көз караштары тууралуу кеңири сөз болду.

Алексей Блинов азыркы технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен мурдагы маалымат алуу шарттарын салыштырып, студенттик жылдарында китепканадан керектүү китепти алуу үчүн бир нече апта күтүүгө туура келгенин эскерди. Ал мезгилде китеп окуу билим алуунун, маалымат топтоонун жана дүйнө таанымды кеңейтүүнүн негизги жолдорунун бири болгонун белгиледи.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, студенттер конокко өздөрүн кызыктырган суроолорун узатышты. Кыргызстандан алган таасирлери жана көз карашы жөнүндө суроого ал Кыргызстанга келгенине абдан кубанычта экенин айтып, кыргыз элинин меймандостугуна гана эмес, ак ниеттүүлүгүнө жана ак пейилдигине да өзгөчө суктанганын белгиледи.

Илим күнүнө карата уюштурулган бул жолугушуу студенттерге тажрыйбалуу интеллектуалдын ой-пикирин угууга, илимдин, билимдин жана технологиянын бүгүнкү коомдогу орду тууралуу пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.

(С) П.Джаныбекова — адис