2-26-жылдын 29-октябрь күнү Жалпы республикалык тесттин 25 жылдыгына арналган «Тең мүмкүнчүлүк — Кең келечек» аттуу жогорку окуу жайларга тандоонун сапаты жана адилеттүүлүгү маселелери боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Европа менен Азиянын бир катар өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ректорлор, окумуштуу-педагогдор чакырылган бул иш чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Аксакалдар кеңешинин төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан тест түзүүчүлөрдүн биринчи тобунун өкүлү катары сыйлуу мейман болуп катышып келди.
Профессор С.Алахан өз сөзүндө чейрек кылым мурда башталган бул долбоор республикабыздын миңдеген таланттуу уул, кыздары үчүн жаркын келечекке карай салынган айкын жол болуп калгандыгын, өлкөнүн билим берүүсүндөгү коррупциялык иш аракеттерге сөздүн чыныгы маанисинде бөгөт койгондугун, тест түзүүчүлөрдүн тобу төрт айдын ичинде мурдагы тесттерден түп тамырынан бери айырмаланып турган тесттерди түзүп, ЖОЖдорго кабыл алуудагы тааныш-билиштикке, коррупциялык схемаларга бөгөт коюшкандыгына токтолуп өттү..
Жогорку деңгээлде уюштурулган бул иш чаранын жүрүшүндө пайдалуу маалыматтар, сунуштар айтылды.
(С) Садык Алахан — КУУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор