2026-жылдын 29-октябрында Улуттук университетке Япониянын Ишикава префектурасынын Соода, өнөр жай жана эмгек департаментинин эмгек саясатын пландаштыруу бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы Шимоно Тецуро мырза баштаган делегация иш сапары менен келди. Делегация өкүлдөрүн КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу кабыл алды.

Сүйлөшүүнүн  жүрүшүндө тараптар илим жана билим берүү жаатындагы кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүү, студенттер үчүн Японияда өндүрүштүк практика жана такшалма программаларын уюштуруу, биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүү, япон тилин жана кесиптик көндүмдөрдү үйрөтүү, о.э. бүтүрүүчүлөрдү Япониянын ишканаларына жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты. Мындан тышкары, Ишикава префектурасындагы ишканалар менен түз байланыштарды түзүү, студенттер жана бүтүрүүчүлөр үчүн жумуш орундар жарманкелерин уюштуруу жана иш берүүчүлөр менен кызматташтыкты күчөтүү боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу демилгелерди биргелешип ишке ашыруу, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ара макулдашууга келишти.

Жолугушууга о.э. япониялык делегациянын өкүлдөрү Ямамото Кен, Ямабе Хонан, КУУнун Эл аралык кызматташуу жана байланыштар департаментинин башчысы Бактыбек Келдибеков, кыргыз-япон институтунун директору Такахара Дайсуке жана директордун орун басары Жеңиш Бексултанов катышты.