2026-жылдын 22-октябрында башкы имараттагы конференц-залда Кыргыз Республикасынын Кесиптик союздар күнүн майрамдоого арналган университеттин Кесиптик бирлик комитетинин жыйыны (КБК) болду.

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан уюштурулган иш-чарага КУУнун профессордук-окутуучулар курамы, түзүмдөрдүн профбюролорунун жетекчилери, о.э. жогорку жана орто атайын окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Жыйынды КБК төрагасынын орун басары Владимир Иванов ачып, 16–17-октябрь күндөрү Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан Ысык-Көлдөгү «Кызыл гвоздика» санаторийинде өткөрүлгөн «Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү: иш берүүчү менен профсоюздун өз ара аракеттенүүсү» аттуу республикалык семинар тууралуу маалымат берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кесиптик майрамдын урматына университеттин факультеттеринин жана институттарынын активдүү профбюро төрагаларына сыйлыктар тапшырылды. Сыйлангандардын катарында Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун (СГИИ) профбюросунун төрагасы, доцент Бакытбек Малтабаров болуп, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун «КР билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги» төш белгиси менен сыйланды.

(С) Н.М.Ахмедова — СГИИнин социология жана социалдык иштер кафедрасынын окутуучусу