2026-жылдын 21-23-октябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында Кытай коомдук илимдер академиясынын Этникалык адабият институту менен Жогорку деңгээлдеги аналитикалык борборлордун улуттук кеңешинин катчылыгы тарабынан уюштурулган «Кытай жана Борбордук Азия адабияттары боюнча «Тянь-Шань форуму» деп аталган чоң маданий, илимий жыйын болуп өттү.

Пленардык жыйындан жана үч секциядан турган иш чарага Борбордук Азиядагы мамлекеттердин баарынан окумуштуулар катышып, этникалык маданият, маданий, адабий мурастар, санариптештирүү доорунда цивилизациялардын карым-катыш мамилелери сыяктуу маселелердин тегерегинде кызуу сөз жүрдү.

Жыйынга Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан менен филология илимдеринин доктору, профессор Венера Акматовалар катышып, баяндамаларды жасашты.