2026-жылдын  26-октябрь күнү 6-лабораториялык окуу имаратынын 5-аудиториясында математика жана информатика институтунун студенттерине жана окутуучуларына «Колдонмо информатика» программасынын ага окутуучу Рысбек Ыкынов « STEM: Идеядан сайтка чейин бир саатта — Google Stitch, Lovable жана Claude менен иштөө» деген темасында ачык сабак өттү.

Дарска 150гө жакын студент жана мугалим катышты. Бир саатта аудиториянын көз алдында бир да сап код жазылбастан толук иштеген сайт жасалды. Сайт катышуучуларды каттап, тест алып, жыйынтыгы боюнча рейтинг чыгарат. Иш үч жасалма интеллект куралы менен аткарылды:

  1. Claude идеяны тактап, даяр промпттор жазды;
  2. Google Stitch сайттын дизайнын түздү;
  3. Lovable сайтты куруп, интернетке жарыялады.

Катышуучулар экрандагы QR кодду телефону менен скандап, сайтка ошол замат катталышты. Бир нече мүнөттүн ичинде 125 киши катталды. Мындан тышкары сайтты доменге туташтыруу жана хостингге жайгаштыруу жолдору түшүндүрүлдү.

Жыйындын катышуучулары жасалма интеллект окууну жеңилдетери, ал эми студенттер ушул куралдарды өздөштүрүп, окуп жүргөндө эле сайт жасоо буйрутмалары менен киреше таба алары жөнүнүдө кеңири маалымат алышты.

Сабактын соңунда, жыйындын катышуучулары инновациялык усулдар жана жасалма интеллекттин жардамы менен STEM сабагын окутуунун заманбап ыкмалары тууралуу кошумча маалымат бергендиги үчүн Рысбек Ыкыновго ыраазычыктарын билдиришти.

Рысбек Таштанбекович агайыбызга, мындан аркы педагогикалык жана илимпоздук ишмердүүлүгүнө албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

Сабак тууралуу толук маалымат, сүрөттөр, видео жана даяр промпттор бул шилтемеде: https://claude.ai/artifact/7VWRE2rQt1qdKmuXdvJrf4

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия  иштери боюнча декандын орун басары ф.м.и.к., доцент