2026-жылдын 22–24-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде VI Эл аралык түрк дүйнөсүнүн коммуникация жана искусство симпозиуму болуп өттү.
Эл аралык илимий иш-чара Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Кыргызстан Журналисттер союзу , Нигде Өмер Халисдемир университети, Түрк дүйнөсүнүн журналисттер федерациясы жана Түрк дүйнөсүнүн маданият, искусство жана кино фонду менен биргеликте уюштурулду.
Бул симпозиумдун максаты – түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасын, ошондой эле коммуникация жана искусство чөйрөсүндөгү акыркы өнүгүүлөрдү илимий негизде талкуулоо.
Симпозиумда Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун (СГИИ) социология жана социалдык иштер кафедрасынын доценти Бакытбек Малтабаров «Кыргыз Республикасында коммуникация социологиясы: институционалдашуу көйгөйлөрү жана өнүгүү келечеги» аттуу темада доклад жасап, катышуучулардын кызыгуусун жаратты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жети өлкөдөн келген окумуштуулар жана илимпоздор коммуникация жана искусство тармактарындагы актуалдуу маселелерди 24 отурумда талкуулап, жалпысынан 121 баяндама жасашты.
(С) Н.Б.Токоева — СГИИнин социология жана социалдык иштер кафедрасынын ага окутуучусу
