2026-жылдын 22-25-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Пекин шаарындагы Кытайдын Борбордук улуттар университетинин Борбордук Азия изилдөөлөр институтунда өткөн «Борбордук Азияны дисциплиналар аралык контекстте изилдөө» аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты.
Жыйында Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн келген эксперттер менен окумуштуулар төмөнкү маселелерди талкуулашты.
- Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы гуманитардык алмашуу жана цивилизацияларды өз ара байытуу;
- Борбордук Азиядагы социалдык трансформация жана мамлекеттик башкаруу;
- Кытай-Борбордук Азия мамилелери жана аймактык изилдөөлөр;
- Борбордук Азиянын тилдери, адабияты жана маданияты боюнча изилдөөлөр;
- Борбордук Азиянын укугу жана экономикасы боюнча изилдөөлөр;
- Аймактык изилдөөлөр тармагын өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо;
- Жаш окумуштуулар үчүн атайын бөлүм: магистранттар жана докторанттар;
- Башка темалар.
Конференциянын ачылыш аземинде Кытайдын Борбордук улуттар университетинин проректору, окуу жайдын партиялык комитетин мүчөсү Чжао Лифан, Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын Тарых институтунун директору, академик Азамат Зиё жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев куттуктоо сөзүн сүйлөштү.
Ректор өз сөзүндө чакыруу үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, конференциянын темасы заманбап илимдин талаптарын эң сонун чагылдыраарын белгиледи, анткени бүгүнкү күндө аймакты бир тараптуу изилдөө мүмкүн эмес. Борбордук Азияны түшүнүү — тарыхтын, саясат таануунун, маданият таануунун жана албетте, лингвистиканын ортосундагы синергияны талап кылат. Ректордун айтымында, 21-кылымда биз жаңы типтеги адисти — ар кандай тармактардын кесилишинде иштей ала турган изилдөөчүлөрдү даярдашыбыз керек.
«Дал ошондуктан, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети билим берүүнүн жаңы жолдорун иштеп чыгууда. Биз классикалык академиялык мамилелерден лингвистика жана тарыхты санариптик технологиялар менен, ал эми эл аралык мамилелерди экономика жана айлана-чөйрөнү башкаруу менен айкалыштырган ийкемдүү программаларга өтүп жатабыз. Бүгүнкү күндө дисциплиналар аралык мамиле бизди Кыргызстан менен Кытайдын экологдорунун, географтарынын, социологдорунун жана экономисттеринин күч-аракетин бириктирүүгө түртөт. Ж.Баласагын атындагы КУУ биргелешкен изилдөө экспедициялары жана айлана-чөйрөнү мониторингдөө үчүн аянтча болууга даяр», — деди КУУнун ректору.
Кытайдын Борбордук улуттар университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда кол коюлуучу кызматташтык келишими жөнүндө Догдурбек Чонтоев «Бул документ жаштар үчүн гана эмес, биринчи кезекте мугалимдер жана изилдөөчүлөр үчүн да эшиктерди ачат: профессор-окутуучулар үчүн ал өз ара стажировкалар, лекциялар, алдыңкы ыкмалар менен алмашуу жана окуу программаларын биргелешип иштеп чыгууну ишке киргизсе, окумуштуулар жана изилдөөчүлөр үчүн биргелешкен изилдөө топторун жана изилдөө лабораторияларын түзүүгө эшик ачат. Студенттерди алмашуу программасы аларга тилдерди жана маданиятты изилдөөгө гана эмес, о.э. олуттуу илимге, туруктуу өнүгүү долбоорлоруна жана экологиялык маселелерге катышууга мүмкүндүк берет», — деди.
КУУнун ректору ошол эле күнү конференциянын пленардык жыйынында «Борбордук Азиядагы мамлекеттер аралык сууну пайдалануу көйгөйлөрү» деген темада баяндама жасап, Кытайдын Борбордук улуттар университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташтык келишимине кол коюу жана алмашуу аземине катышты.
Конференцияга кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев да катышты.