Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 3–4-курс студенттери Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын тургундары менен биргеликте айыл аймагындагы орто кылымдарга таандык «Төрткүл» шаар чалдыбарында археологиялык изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы №412 жарлыгынын негизинде ишке ашырылып жаткан «Көөнө тарых сырлары» мамлекеттик программасынын (2023–2027-жж.) алкагында жүргүзүлүүдө.

2024–2025-жылдары XI кылымдын биринчи жарымы – XII кылымдын аягына таандык коомдук мончонун (хамамдын) калдыктары изилденген. Учурда мончонун жылытуу тутуму жана шаар чалдыбарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан болжолдуу мунаранын калдыктары казылып, табылган археологиялык материалдар иликтенүүдө.

Изилдөө иштери археолог, археология, этнология, булактаануу жана тарыхнаама кафедрасынын доценти Орозбек Солтобаевдин жетекчилигинде жүргүзүлүүдө. Долбоор байыркы шаардын тарыхын терең изилдөөгө, тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана келечекте туристтик-маданий жай катары өнүктүрүүгө багытталган.

2024–2025-жылдардагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктары республикалык жана эл аралык илимий конференцияларда сунушталган.

(С) Чодолдоева Г.Ж. — Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директорунун орун басары