Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин агай-эжейлери!
Жыл сайын 5-октябрда Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү белгиленет.
Бул — мугалимдердин, окутуучулардын жана билим берүү тармагындагы бардык кызматкерлердин негизги кесиптик майрамы. Бул күнү билим берүүнүн бардык баскычтарында билим алуучуларга сапаттуу билим берүүдөгү алардын орду жана эмгеги өзгөчө белгиленет.
КУУнун Ректораты жана Кесиптик бирлик комитети Сиздерди жогоруда аталган маанилүү майрам менен чын жүрктөн куттуктайт!
Педагог — өзгөчө кесип. Бул кесипти тандаган адамдан өз ишине толук берилүүнү, уюшкандыкты, жоопкерчиликти жана билим алып жаткан адамдарга чын дилден камкордук менен мамиле кылууну талап кылат.
Улуттук университеттин негизги максаты — улуттук идеяларды жаратуучу борбор болуу, улуттук долбоорлорду ишке ашыруу, улуттук интеллигенцияны өнүктүрүү, студенттерди өз Мекенинин патриоттору катары калыптандыруу, аларда жоопкерчиликтүү коомдук жана жарандык позицияны, салттуу руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарга терең берилгендикти тарбиялоо.
Урматтуу кесиптештер!
Жогоруда аталган максатты ишке ашырууда Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана түгөнбөс чыгармачылык дем каалайбыз!