2026-жылдын 1-октябрында Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев менен факультеттин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова «Түрк дүйнөсү диалогдору: орток келечек, орток көз-караш» аттуу иш-чарага катышты.

Бишкек шаарындагы Novotel Bishkek City Center мейманканасында өткөн жыйын Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коммуникациялар башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, түрк дүйнөсүнүн келечеги, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана орток баалуулуктарды бекемдөө маселелерине арналды.

Иш-чараны Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.

Андан соң Президенттин Коопсуздук жана тышкы саясат боюнча кеңешинин мүчөсү, Улуттук чалгындоо академиясынын профессору, доктор Нуршин Атешоглу Гүнейдин модераторлугунда панелдик талкуу өткөрүлдү.

Панелдик отурумга Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи төрагасы, профессор, доктор Медеткан Шеримкулов, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын 28-чакырылыштагы Самсун шаарынан шайланган депутаты, Улуу Улуттук Жыйындын төрагасынын орун басары, профессор, доктор Ильяс Топсакал, Улуу Улуттук Жыйындын 28-чакырылыштагы Адилеттик жана өнүгүү партиясынан (AK Parti) шайланган депутаты Селман Огузхан Эсер жана Стамбул Айдын университетинин проректору, профессор, доктор Рагып Кутай Каража катышты.

Панелисттер өз баяндамаларында Түрк дүйнөсүнүн келечеги, мамлекеттер аралык жана коомдор аралык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле саясий, экономикалык, маданий жана билим берүү тармактарындагы өз ара байланыштарды өнүктүрүү маселелерине токтолушту.

(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент