2026-жылдын 20–26-сентябрь күндөрү Чет тилдер институтунун PhD доцент Алина Келдибекова жана ага окутуучусу Гульнара Акунова Түндүк Ирландиянын Колрейн шаарындагы Ольстер университетине иш сапар менен барып келишти.

Иш сапар AELLCA долбоорунун алкагында «Борбордук Азиядагы мугалимдерди кесипке чейинки даярдоодо (PRESETT) инклюзивдүү баалоону өнүктүрүү» темасына арналды.

Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар инклюзивдүү баалоону уюштуруунун заманбап ыкмалары, Окутуунун универсалдуу дизайны (UDL), теңчилик, ар түрдүүлүк жана инклюзия (EDI) принциптери менен таанышып, аларды мугалимдерди кесипке чейинки даярдоо процессинде колдонуу боюнча практикалык тажрыйба алышты.

Ошондой эле семинар-тренингдердин жүрүшүндө инклюзивдүү баалоонун стратегиялары, ар түрдүү билим алуучулардын муктаждыктарын эске алуу, окуудагы тоскоолдуктарды азайтуу жана жеткиликтүү окуу материалдарын даярдоо боюнча практикалык иштер жүргүзүлдү.

Катышуучулар Microsoft Word жана PowerPoint сыяктуу кеңири колдонулган санариптик каражаттардын жардамы менен жеткиликтүү жана инклюзивдүү окуу материалдарын түзүү боюнча да жаңы ыкмаларды өздөштүрүштү.

Бул иш сапар тажрыйба алмашууга, эл аралык кесиптик байланыштарды бекемдөөгө жана Борбордук Азияда жогорку окуу жайлардын окутуучуларына сапаттуу жана инклюзивдүү даярдоо багытында кызматташтыкты өнүктүрүүгө маанилүү мүмкүнчүлүк түздү.

Иш сапардын жыйынтыгында алынган тажрыйбалар Чет тилдер институтунда билим берүү процессине жана болочок мугалимдерди даярдоого киргизүү үчүн пайдаланылат.

 (С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык  иштер боюнча орун басары