Бүгүн, 2026-жылдын 30-сентябрында, Кыргыз Республикасынын  Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын жыйындар залында аталган комиссиянын төрагасы, УИАнын корреспондент-мүчөсү, ю.и.д., проф. Бекбосун Бөрүбашев ар кайсы тармак боюнча илимдин докторлоруна «профессор» ардактуу наамынын аттестаты менен төшбелгилерин тапшырды.

Бул аземде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Аксакалдар кеңешинин төрагасы, филология илимдеринин доктору Садык АЛАХАНГА (Тиллебаев Садык Алахановичке) да ардактуу наамдын документтери тапшырылды.

Окуу жайыбыздын жалпы коллективинин атынан Садык агайды «профессор» окумуштуулук наамын алышы менен чын жүрөктөн куттуктап, дагы да ийгиликтерди каалайбыз.