2026-жылдын 30-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Япониянын социалдык тейлөө, камкордук көрсөтүү тармагындагы бир катар компанияларынын жетекчилеринен жана Фукуока префектурасынын адам ресурстарын өнүктүрүү багытында иш алып барган уюмдун өкүлдөрүнөн турган чоң делегация иш сапары менен келди.
Делегация мүчөлөрү менен КУУнун инвестициялар боюнча проректору Гүлбара Сыдыкова жолугушуп, Кыргызстан менен Япониянын, анын ичинде Кыргыз улуттук университети менен япон уюмдары жана компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө студенттердин Японияда практикалык тажрыйба алуусуна, кесиптик даярдыгын жогорулатуусуна жана келечекте ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көңүл бурулду.
Жолугушууда көтөрүлгөн негизги маселелердин бири — «Атайын квалификациялуу жумушчу» программасы боюнча тестти Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөрүү боюнча кызматташуу болду. Ошондой эле студенттерди Японияга бир жылдык практикага жөнөтүү, аларга япон компанияларында реалдуу иш тажрыйбасын топтоого мүмкүнчүлүк берүү боюнча пикир алмашуу жүрдү. Эки тарап тең бул багыттагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Тараптар мындан ары да биргелешкен иштерди улантып, студенттердин практикалык даярдыгын колдоо жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы билим берүү, адам ресурстарын өнүктүрүү жана кесиптик тажрыйба алмашуу багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү ниетин билдиришти.
Жолугушууга Кыргыз-япон институтунун өкүлдөрү да катышты.
* * *
Белгилей кетсек, япон компанияларынын өкүлдөрү буга чейин КУУнун Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун (СГИИ) «Социалдык иш» багытында билим алып жаткан студенттери менен да жолугушуп, өз мекемелеринин ишмердүүлүгү тууралуу презентацияларды жана видеоматериалдарды көрсөтүштү жана Япониядагы социалдык тейлөө жана камкордук көрсөтүү системасы, иш процесси жана колдонулган практикалык ыкмалар жөнүндө кеңири маалымат беришти.
Мындан тышкары, СГИИнин төрт студенти япон компанияларынын өкүлдөрү менен маектешүүдөн (собеседование) өтүштү. Бул студенттер үчүн Японияда бир жылдык практикадан өтүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.
(С) Жеңиш Бексултанов — Кыргыз-япон институтунун директорунун эл аралык байланыштар боюнча орун басары