2026-жылдын 29-сентябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиевдин төрагалыгы алдында Ректорат кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө «КУУнун Окумуштуулар кеңешинин 2026-2027-окуу жылындагы иш планын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн окумуштуулар кеңешинин иш пландарын бектитүү», «Ректорат кеңешинин 2026-2027-окуу жылындагы иш планын бекитүү», «Кыргыз-кытай биргелешкен көп тилдүү маалыматтарды талдоо лабораториясын түзүү», «КУУнун базасында Технологиялык парк (Технопарк) түзүү жана анын курамында стартап борборлорун жана биргелешкен иш мейкиндиктерин (коворкинг зоналарын) уюштуруу» жөнүндө маселелер каралып, кызуу талкуулардан кийин аталган маселелерди кезектеги Окмуштуулар кеңешине алып чыгуу чечими кабыл алынды.