2026-жылдын 29-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында “Манас жана Хатто” («Көкөтөйдүн ашы»), “Манас жана Райхл” (Түрк эпостору: салттуу түрү, поэзиялык түзүлүшү) жана “Жаңы манасчынын тиби жаралдыбы?” аттуу китептердин бет ачары болду.
Аталган китептер англис тилинен кыргызчаланып, илимий талдоо жүргүзүлүп, анан окурмандарга сунушталды. “Манас жана Хатто” менен “Манас жана Райхл” аттуу эмгектерди тарыхчы, профессор Тынчтыкбек Чоротегин, ал эми “Жаңы манасчынын тиби жаралдыбы?” китебин манас таануучу, тарыхчы Чолпон Субакожоева которгон. Профессорлор Сулайман Кайыпов менен Курманбек Абакиров аталган эмгектерге жооптуу редакторлук кылышкан.
Эмгектер манас таануу түрмөгүнүн уюштуруучусу, түзүүчүсү жана демөөрчүсү, КР Атайын жана Толук ыйгарымдуу укуктуу элчиси, коомдук жана саясий ишмер Карганбек Самаковдун колдоосу менен басылып чыкты.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Медетбек Букуев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиктери Абдыганы Эркебаев, Абылабек Асанканов, Сыртбай Мусаев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, “Манас” улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы, ошондой эле илимий, билим берүү жана адабий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
Кыргыз улуттук университинин ректору, профессору Догдурбек Чонтоев иш-чараны расмий ачып, аталган эмгектердин илимий чөйрөдө талкууланышы маанилүү экенин белгилеп өттү. Ал о.э. КР Президенти Садыр Жапаров демилгелеген «Уңгужол» дал ушундай чыгармачыл ынтымакты талап кыларын билдирип, китептер студенттерге, магистранттарга изилдөө үчүн зарыл маалымат булагы болорун айтты.
Катышуучулар жаңы басылмалардын мазмунуна талдоо жүргүзүп, аларды эл аралык илимий мейкиндикте таанытуунун маанилүү багыттарына токтолушту. Алар өз сөздөрүндө тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин менен Чолпон Субакожева китептерди илимий эрежелерге, изилдөө методдоруна жана этикалык нормаларга таянып жазганын жогору баалашты.
Кошумча:
- Манас жана Хатто» китебинде англиялык окумуштуу Артур Томас Хаттонун Чокан Валиханов жазып алган «Көкөтөйдүн ашы» тууралуу эмгеги берилген. Китептин көлөмү 668 бет. Англиялык окумуштуу, фольклорчу, «Манас» изилдөөчү Хатто Артур Томас 1910-жылы туулуп, 2010-жылы көз жумган. Ал Лондондогу Оксфорд университетинин профессору жана «Манас» эпосу боюнча бир нече илимий макалалардын жана монографиянын автору болгон.
- Немис окумуштуусу Карл Райхлдын «Түрк эпостору: салттуу түрү, поэзиялык түзүлүшү» аттуу эмгеги 424 беттен турат. Карл Райхл 1943-жылы 4-июлда Германиянын Вайден шаарында туулган. Ал германиялык заманбап түрколог, манас таануучу, кыргыз таануучу, дастан таануучу, Бонн университетинин профессору.
- Чолпон Субакожоеванын 182 беттик «Жаңы манасчынын тиби жаралдыбы?: Маектер топтому» аттуу китебинде манасчылык өнөргө байланыштуу маектер топтолгон.


