Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз-Европа факультетинде 1-курстун студенттеринин катышуусунда «Эне тили – эл тагдыры» аттуу чакан иш-чара өткөрүлдү.
Жыйынга факультеттин деканы Медина Нукеева, ага окутуучу Чынара Эсентурова, доцент Гүлайым Урусова жана окутуучулар катышты.
Иш-чаранын максаты – студенттерди эне тилди урматтоого, барктоого жана аны кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүүгө үндөө.
(С) Чынара Эсентурова — ага окутуучу