Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында жана Борбордук Азия университеттеринин ортосундагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында 2026-жылдын 23-сентябрында Ташкент мамлекеттик транспорт университетинин доценти, экономика илимдеринин доктору Убайдулла Сабирович Надирханов Экономиканын жогорку мектебинде «Мамлекеттик катышуудагы ишканаларга чет элдик капиталды тартуунун формалары» аттуу ачык лекция өттү.

Аталган мектеп менен Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун  студенттери, магистранттары жана окутуучулары катышкан сабакта У.С.Надирханов чет элдик инвестицияларды тартуунун негизги аспектилерин жана учурдагы тенденцияларын белгилеп, мамлекеттин катышуусу бар ишканалардын өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурду. Ал капиталды тартуу моделдеринин сунуштап, инвестициялык кызматташтыктын учурдагы механизмдерин талкуулады жана баалуу эл аралык тажрыйба менен бөлүштү, анын ичинде Өзбекстан Республикасынын тажрыйбасы менен.

Убайдулла Сабирович жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнүн, мамлекеттик компаниялардын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуунун, ошондой эле экономиканы модернизациялоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн чет элдик инвестицияларды натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Лектордун баяндамасы аудиторияда чоң кызыгууну жаратып, жандуу талкууга жана көптөгөн суроолорго алып келди.

Мындай иш-чараларды өткөрүү келечектеги экономисттердин жана адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин ортосундагы академиялык жана илимий өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзөт.

(С) Турдалиева С.А. — ?