2026-жылдын 22-сентябрында профессор А.Асанова атындагы Менеджмент жана бизнес институтунда 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Назаркул Ишекеев, илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу жана атайын чакырылган конок катары «Кыргыз тил» коомунун президенти Раимжан Курбанов катышты.

Студенттер менен болгон жолугушууда Назаркул Ишекеев тилдердин тарыхына, анын ичинде кыргыз тили  дүйнө тилдеринин катарында расмий кошулуп турушу эң чоң баалуулук экенин айтты. Ошондой эле ал адам кандай гана мыкты кесиптин ээси болбосун, анын руханий дүйнөсүнүн калыптанышында эне тилинде жазылган көркөм чыгармалардын жана жалпы эле улуттук маданияттын орду чоң экенин белгилеп, студенттерди кыргыз тилин терең үйрөнүүгө, сөз байлыгын байытып, эне тилде эркин жана сабаттуу сүйлөөгө чакырды.

Илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу студенттерди Улуттук университеттин студенти болушу менен куттуктап, студенттик мезгилдин артыкчылыктарына токтолду. Ал жаштардын коомдук чөйрөгө активдүү аралашуусу, илим-билимге умтулуусу менен улуттук тилге, тарыхка жана маданиятка болгон көз карашы калыптана турганын белгиледи. Ошондой эле студенттерди университетте түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга үндөдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Кыргыз тил» коомунун президенти Раимжан Курбановдун эне тил тууралуу окуган ырлары өзгөчө таасир калтырды. Анын буга чейин чет өлкөлөрдө кыргыз тилин даңазалоо багытында жүргүзгөн ишмердиги жана тажрыйбалары жаштарга дем берип, аларды эне тилди урматтоого жана жайылтууга шыктандырды. Кыргыз тилине карата уюштурулган жыйын улуттук байлык болгон комуздун коштоосунда жаңырган чыгармалар менен жыйынтыкталды.