2026-жылдын 17-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн өкүлдөрү дүйнө жүзүнө түрк тилин, маданиятын, тарыхын жана искусствосун таанытуу максатында түзүлгөн Түркиянын эл аралык маданий уюму – Юнус Эмре институтуна барышты.

КУУнун өкүлдөрдү Юнус Эмре институтунун башчысы Синан Яман өзү тосуп алып, жолугушууга түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент Бурул Элебесова, ага окутуучу Фаризат Курамаева жана доцент Эсра Явуз Аджар катышты. Тараптар түрк тилин окутуу, маданий иш-чараларды уюштуруу, илимий-билим берүү багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелери боюнча пикир алышты.

Юнус Эмре институтунун түрк тилин жана маданиятын эл аралык деңгээлде жайылтууга багытталган ишмердүүлүгү менен таанышуу бөлүмдүн окутуучулары үчүн пайдалуу тажрыйба болуп, келечектеги кесиптик жана академиялык байланыштарды чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Түркология жана котормо таануу бөлүмү түрк тилин, адабиятын жана маданиятын тереңдетип окутуу, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы иштерин улантат.

(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к.,доцент