Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы «Билим Бишкек» инновациялык борборунун окутуучулары Түркиянын Стамбул шаарында өткөрүлгөн «Эл аралык Билим Түркия окутуучуларды окутуу» программасына катышышты.

Аталган программага Кыргызстан, Македония, Мавритания жана Өзбекстандан келген окутуучулар катышып, технология, астрономия жана жасалма интеллект тармактарында жаңы билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.

Бул иш-чара окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттырып, заманбап билим берүү ыкмаларын жайылтууга өбөлгө түздү. Ошондой эле, эл аралык тажрыйба алмашуу аркылуу өлкөлөр ортосундагы билим берүү кызматташтыгын чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду.

Эскерте кетсек, «Билим Бишкек» инновациялык борбору Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) жана Түркия технология тайпасы (Т3) фондунун колдоосу менен ачылган.

(С) Санжар Алтымышев  — “Билим Бишкек” инновациялык борборунун мүдүрү