2026-жылдын 15-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Германия Федеративдүү Республикасынын “Жаратылышты коргоо союзунун» (NABU) федералдык аткаруучу директору, табигый илимдердин доктору Инго Аммерман баштаган өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушууда жаратылышты коргоо, суу проблемалары, экологиялык туризм жана кадрларды даярдоо жөнүндө сөз болуп, ректор NABU-нун ишмердүүлүгүн колдоорун жана аталган уюмдун Кыргызстандагы филиалы менен менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Иш-чарага о.э. NABU-нун эл аралык кызматташуу боюнча директорунун орун басары Катя Каупиш, NABU-нун Кыргызстандагы филиалынын директору, география илимдеринин кандидаты, табигый илимдердин доктору Толкунбек Асыкулов, о.э. КУУнун эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин директору Бакыт Келдибеков, география, экология жана туризм факультетинин деканы Рыскүл Токторова жана ректораттын аппарат жетекчиси Ынтымак Касмакунов катышты.