2026-жылдын 15-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жаңы окуу жылынын башталышына карата студенттерди тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү.  Жыйынга окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, биринчи курстун студенттери жана ата-энелер катышты. 

Салтанаттуу аземди КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, студенттерге ийгилик каалоо менен бирге, университеттин илимий, маданий, спорттук жана коомдук жашоосуна активдүү катышып, илим-билимге, тил үйрөнүүгө дайым ынтызар болуп турууга чакырды.

Ректор өз сөзүндө Нарын, Талас жана Баткен регионалдык көп тармактуу институттарынын университеттин курамына кошулушу — КУУнун жаңы өнүгүү этабынын маанилүү кадамы экенин баса белгиледи. Муну менен  өлкөбүздүн аймактарындагы билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн бирдиктүү университеттик мейкиндикке бириктирүү багытында иштер жүрүп жатканын кошумчалады. 

Иш-чаранын жүрүшүндө биринчи курстун студенттери окуй турган имараттары, институт жетекчилери жана окутуучулар менен таанышышты. Аларга окуу процесси жөнүндө толук маалыматтар берилди.

Салтанатуу иш-чара концерттик программа менен коштолду.   

Белгилей кетсек, Улуттук университет быйыл студенттерди кабыл алуу боюнча Кыргызстандагы окуу жайлардан биринчиликке чыккан.