2026-жылдын 14-сентябрында КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев жаңы окуу жылына карата окуу имараттарында жүргүзүлүп жаткан даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ректор окуу имараттарындагы аудиториялардын даярдыгын, студенттер үчүн түзүлүп жаткан шарттарды жана окуу процессин үзгүлтүксүз уюштурууга көрүлүп жаткан чараларды текшерди.

Кыдыруунун жүрүшүндө Догдурбек Чонтоев түзүм жетекчилери менен окуу процессин уюштуруу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу жана имараттарды жаңы окуу жылына карата талапка ылайык даярдоо маселелерин талкуулады.

Ректор буга чейин берилген тапшырмалардын өз убагында аткарылышына көңүл буруп, айрым иштердин кечеңдеп жатканы боюнча тиешелүү жетекчилерге эскертүүлөрдү, ал эми жооптуу кызматкерлерге аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу жана тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берди.

Белгилей кетсек, буга чейин атайын демилгенин алкагында окуу жайдын көпчүлүк аудиториялары капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап талаптарга ылайыкташтырылган. Бул багыттагы иштер мындан ары да токтотулбастан, этап-этабы менен активдүү улантылат.