Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к, доцент Бурул Элебесова 2026-жылдын 7-13-сентябрь күндөрү Түркия Республикасынын Анкара шаарында өтүп жаткан «Түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүүсүндө өнөктөштүк сертификаттык программасына» (ORTAK) катышууда.

Эл аралык программа Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Чет өлкөдөгү түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгы (YTB) тарабынан уюштурулуп, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Венгрия жана Түркиядан келген жогорку билим берүү тармагынын өкүлдөрүн бир аянтчага бириктирүүдө. Программанын негизги максаты – тажрыйба алмашууну күчөтүү, академиялык байланыштарды кеңейтүү жана Түрк дүйнөсүндөгү жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү.

“ORTAK” программасынын алкагында дүйнөлүк жана Түркиядагы жогорку билим берүү саясаты жана стратегиялары, билим берүүнүн сапатын камсыздоо жана аккредитация, санариптик трансформация, билим берүү технологиялары, эл аралык жана биргелешкен билим берүү программалары, ошондой эле келечектеги билим берүү тенденциялары боюнча тематикалык семинарлар өткөрүлүүдө.

Катышуучулар жогорку билим берүүнүн заманбап моделдери менен таанышып, улуттук жана эл аралык аккредитация механизмдери, санариптик билим берүү, жасалма интеллектти билим берүү процессинде колдонуу, университеттердин эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жана академиялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча Хажеттепе университетинин педагогика факультетинин деканы проф.др. Шефика Шуле Ачыкалындын жетекчилиги астында эксперттердин баяндамалары жасалууда.

Программанын алкагында Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү кеңешине (YÖK) жана Хажеттепе университетине таанышуу сапарлары да уюштурулуп, Түркиянын жогорку билим берүү системасынын ишмердүүлүгү жана тажрыйбасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Программанын маанилүү бөлүктөрүнүн бири — катышуучу өлкөлөрдүн жогорку билим берүү экосистемаларын тааныштыруу жана өз ара талкуулоо максатында уюштурулган практикалык сессия болду. 2026-жылдын 9-сентябрында өткөн «Катышуучу өлкөлөрдүн жогорку билим берүү экосистемасы» аттуу практикалык отурумда катышуучу өлкөлөрдүн жогорку билим берүү системасынын түзүмү, учурдагы абалы, өнүгүү багыттары жана эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Программага Кыргызстандан төрт жогорку окуу жайдын өкүлдөрү чакырылган:

  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университети;
  • Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
  • Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети.

КУУнун атынан Бурул Элебесова баяндама жасап, Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү менен катар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин билим берүү түзүмү, өнүгүү багыттары жана эл аралык академиялык өнөктөштүктү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле баяндамада Түрк дүйнөсүнүн билим берүү мейкиндигинде университеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мааниси, биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана тажрыйба алмашуунун келечеги тууралуу пикирлер айтылды. Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын тааныштырылышы катышуучу өлкөлөрдүн тажрыйбасын салыштырууга, жалпы көйгөйлөрдү аныктоого жана келечектеги кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулоого шарт түздү.

“ORTAK” программасында жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруу, илимий дипломатия, академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Программанын төртүнчү модулунда илимий дипломатия, жогорку билим берүүнүн эл аралык жана глобалдык процесстери, Erasmus+, Türkiye Bursları, Orhun жана Түрк дүйнөсүндөгү академиялык алмашуу программалары тууралуу маалыматтар берилүүдө.

Бул багыттар Кыргызстандын жогорку окуу жайлары үчүн да маанилүү. Айрыкча студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн жогорулатуу, эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, кош дипломдуу жана биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүү жогорку билим берүүнүн сапатын жана эл аралык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

“ORTAK” программасына катышуу КУУнун Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн Түркия жана Түрк дүйнөсүндөгү жогорку окуу жайлар менен академиялык байланыштарын чыңдоого, жаңы өнөктөштөрдү табууга жана келечектеги биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду иштеп чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Өзгөчө түркология, котормо таануу, тил жана адабият багыттарында Түрк дүйнөсүндөгү академиялык байланыштарды системалуу өнүктүрүү маанилүү. Мындай кызматташтык студенттердин билим алуу жана академиялык мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге, окутуучулардын илимий изилдөөлөрүн жана кесиптик өнүгүүсүн колдоого багытталган жаңы демилгелерге жол ачат.

Программанын жыйынтыктоочу бөлүгүндө билим берүүнүн келечектеги тенденциялары, өмүр бою билим алуу, XXI кылымдын көндүмдөрү, университет–өндүрүш кызматташтыгы жана аймактык өнүгүү маселелери талкууланат. Иш-чаранын соңунда расмий жабылыш аземи жана катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу аземи өткөрүлөт.

“ORTAK” программасынын алкагындагы эл аралык тажрыйба алмашуу Кыргызстандын жогорку билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн Түрк дүйнөсүнө кеңири таанытууга, жаңы академиялык өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана билим берүү менен илимий кызматташтыктын келечектеги багыттарын аныктоого маанилүү өбөлгө түзөт.

(С) Бурул Элебесова — Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к, доцент.