2026-жылдын  11-сентябрында КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Түштүк Кореянын Самюк  университетинин президенти Пак Джо Хи мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эки университет ортосундагы алаканы тереңдетүү,  билим берүү программаларын ишке ашыруу жана маданий алмашууларды жайылтуу талкууланды.

Алайбек Шамшиев эл аралык долбоорлор студенттер жана окутуучулар үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачаарын белгиледи. Буга катар биринчи проректор КУУнун курамына үч аймактык институттар кошулганын маалымдап, аталган түзүмдөрдүн базасында да биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу багыттары каралганын кошумчалады.  

Биринчи проректор о.э. жолугушууга катышып жаткан Түштүк Кореянын дагы бир жогорку окуу жайы — Тонган университетинин президенти Ли Мин Сок менен эки тараптуу кызматташтыктын бир катар багыттарын талкуулады.

Жолугушуунун соңунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Самюк университети ортосундагы кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Добавить комментарий