Юридикалык институттун жамааты көрүнүктүү окумуштуу, юридикалык илимдердин кандидаты, профессор Сманов Койчуке Дербишалиевичтин 90 жаш курагында дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу орду толгус жоготуу кайгысын бөлүшүп, терең көңүл айтат.

Койчуке Дербишалиевич бүт өмүрүн илимге жана билим берүүгө арнап, республикабыздын юридикалык кадрларын даярдоого зор салым кошкон. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Жараткандан анын жайын бейиштен кылуусун тилеп, үй-бүлөсүнө, балдарына жана жакындарына сабыр каалайбыз.

Юридикалык институттун жамааты

Добавить комментарий