2026-жылдын 2-4-сентябрында Ысык-Көлдө Өрнөк айылында Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аттуу Эл аралык илимий конференция болуп өттү.

Иш-чарага КУУнун инвестиция боюнча проректору, профессор Гулбара Сыдыкова “Манас” эпосундагы элдик оюндардын көчмөндөрдүн дүйнө таанымын жана руханий баалуулуктарын чагылдыруудагы орду”, кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Назгуль Турдубаева “Көчмөндөр цивилизациясындагы улуттук баалуулуктар жана оюндар (салыштырма анализ)”, экономиканын жогорку мектебинин доценти Каухар-Дина Бятова “От кочевой философии природопользования к ESG – подходам: трансформация экологического учета в условиях устойчивого”, социалдык — гуманитардык илимдер институтунун философия, маданияттын теория сын жана тарыхы кафедрасынын улук окутуучусу Гүлзат Байбосунова “Кыргыз элинин этномаданий баалуулуктарынын ролу (аза-кутуу процессинин мисалында: философиялык-психологиялык анализ)”деген темада илимий баяндамалары менен катышты.

Илимий конференцияга Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Франция, Кытай, Россия, Казакстан, Япония, Түркия, Индия, Гана, Жаңы Зеландия,  Монголия, Индия, Италия, Пакистан, АКШ, Түштүк Корея, Улуу Британия, Словения, Австрия сыяктуу мамлекеттердин окумуштуулары катышып, 8 секцияда иштешти.

(С) Турдубаева Н.Ш. — кыргыз филологиясы факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий