Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент Бурул Элебесова, о.э. бөлүмдүн 2-курсунун студенттери Тансулуу Дүйшекеева менен Нураида Дүйшеналиева Түркиянын Кожаэли шаарында өтүп жаткан эл аралык билим берүү жана маданий лагерге катышууда.
2026-жылдын 24–27-август күндөрү Кожаэли шаарындагы «Aytepe Diriliş Camp» лагеринин аймагында Анадолу мектеби тарабынан билим берүү, маданият жана жаштар менен иштөө багытында эл аралык иш-чара уюштурулуп, ага Түркиядан жана чет өлкөлөрдөн келген окутуучулар, студенттер жана жаштар катышууда.
Программанын ачылыш аземине Анадолу мектебинин негиздөөчүсү проф. Сами Гүчлү, Кожаэли аймагынын губернатору Илхами Акташ, Кожаэли шаардык муниципалитетинин мэри доц. Тахир Бүйүкакын, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Сейит Юсуф жана башка жергиликтүү жетекчилер катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Лагердин негизги максаты – жаштардын билим алуусуна, ар түрдүү маданий чөйрөлөр менен таанышып, өз ара тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы билим берүү жана маданий байланыштарды бекемдөө.
Иш-чаранын алкагында адабият, билим берүү, жаштар жана түрк дүйнөсү боюнча бир катар панелдик талкуулар жана семинарлар өткөрүлүүдө. Алардын арасында «Мехмет Акиф Эрсой», «Пейами Сафа», «Эрол Гүңгөр» панелдери, «Түрк дүйнөсү» семинары, ошондой эле билим берүү жана адабият багытындагы тематикалык жолугушуулар бар.
Мындан тышкары, катышуучулар үчүн спорттук иш-чаралар, жаратылышка чыгуу, маданий программалар жана түрк музыкасынын концерти уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз ара пикир жана тажрыйба алмашып, жаңы кесиптик жана достук байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышууда.
Программанын экинчи күнүндө кыргыз маданиятын таанытуу максатында Кыргыз филология факультетинин Түркология жана котормо таануу бөлүмү, Кыргыз -Түрк Анадолу лицейи жана Кыргыз-түрк Анадолу кесиптик кыздар лицейинин өкүлдөрү тарабынан кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына арналган маданий программа да уюштурулду. Анын алкагында «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, комуз күүсү жаңырып, кыргыз бийи жана «Айкөл Манас» ыры аткарылып, улуттук тамак-аштар тартууланды. Ошондой эле катышуучулар кыргыздын улуттук кийимдери, музыкасы жана салт-санаасы менен тааныштырылды.
Иш-чара 27–29-август күндөрү Стамбул шаарында маданий-агартуу программасы менен уланат. Анын алкагында катышуучулар шаардын тарыхый жана маданий жайлары менен таанышат. Программада Долмабахче сарайы, Ортакөй мечити, Аясофия, Түрк жана ислам искусстволору музейи, Топкапы сарайы жана башка тарыхый жайларга экскурсиялар каралган.
Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн бул эл аралык иш-чарага катышуусу студенттердин түрк тили, адабияты жана маданияты боюнча билимдерин кеңейтүүгө, эл аралык тажрыйба топтоосуна жана кесиптик байланыштарын өнүктүрөт. Ошондой эле мындай иш-чаралар студенттердин башка өлкөлөрдөн келген студенттер менен пикир алышуусуна, жаңы маданий тажрыйба топтоосуна жана өз өлкөсүнүн маданиятын эл аралык деңгээлде таанытуусуна шарт түзөт.
Мындай эл аралык билим берүү жана маданий иш-чараларга катышуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттеринин академиялык жана маданий мобилдүүлүгүн арттырып, түрк дүйнөсүндөгү билим берүү мекемелери менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
(С) Бурул Элебесова — Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент