2026-жылдын 16-июлунда 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, колледждерге жана факультет/институттардын орто кесиптик бөлүмдөрүнө абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов жана университеттин Бишкектеги жана аймактардагы колледждери менен факультет/институттарынын орто кесиптик бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйындын башында Алайбек Шамшиев жыйындын катышуучуларына «Абитуриент Онлайн» системасында техникалык мүчүлүштүктөр болгон күнү убакытка карабай, түнкү саат 12лерге чейин иштеп бергендиги үчүн ыраазычылык айтып, КУУнун колледждери менен орто кесиптик билим бөлүмдөрүнө 1-турдун жыйынтыгы менен жалпысынан 3020 абитуриент (анын ичинен 2009 — Бишкекте, 1011 — аймактарда) катталганын билдирди жана  кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө ийгиликтерди каалады.

Андан ары кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу университеттин Бишкектеги жана аймактардагы колледждериндеги жана орто кесиптик бөлүмдөрүндөгү адистиктерге катталган абитуриенттердин, ал адистиктер боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Өтүү баллдары түзүм жетекчилери менен макулдашылган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир адистик боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

1-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий