2026-жылдын 16-июлунда 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, биринчи проректор Алайбек Шамшиев алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, факультеттердин декандары жана институттардын директорлору катышты.

Жыйындын башында Алайбек Шамшиев 1-турда Улуттук университетке жалпысынан 7 миң 243 абитуриент катталганын, бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 1-орунду ээлегенин билдирди. Проректордун айтымында, алардын 3 миңге жакыны кабыл алуунун биринчи күнү эле катталышкан. Алайбек Шамшиев о.э. КУУнун колледждерин аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн окуу жайдын бакалавриатына тапшыруу пайызы да быйыл жогору экенин белгилеп, кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, https://2020.edu.gov.kg/regcount сайтынан алынган маалымат боюнча аталган көрсөткүч боюнча 2-орунду 6 миң 912 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети ээлесе, 5 миң 210 абитуриент менен Ош мамлекеттик университети 3-орунда турат.

Андан ары кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардагы багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин саны, ал багыттар (адистиктер) боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча аталган система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө Алайбек Шамшиев о.э. Улуттук университеттин Баткен, Талас, Нарын аймактык көп тармактуу институттарынын, Сүлүктүдөгү А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык, Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук, М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институттарынын жана университеттин Ош, Нарын, Каракол шаарларындагы, Талас облусундагы гуманитардык-табигый илимдер факультеттеринин кабыл алуу комиссияларынын өкүлдөрүнүн айрым суроолоруна жооп берди.

1-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 16,17,18-июль күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.

Добавить комментарий