Урматтуу кесиптештер!

Ж. Баласагын атындагы КУУнун илимий ишмердүүлүгүнүн концепциясынын алкагында ички гранттар аркылуу илимий долбоорлорду каржылоо боюнча сынакка катышууга чакырабыз.

Өтүнмөлөр Илимий-техникалык кеңештин 2026-жылдын 30-июнундагы №14 жыйынында 2026–2027-окуу жылы үчүнбекитилген илимий-изилдөө иштеринин артыкчылыктуу багыттарынын негизинде даярдалууга тийиш.

Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан 20-сентябрына чейин, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Өтүнмөлөр КУУнун стимул берүүчү гранттары аркылуу долбоорлорду тандоо жана ишке ашыруу жөнүндө жобонун талаптарына ылайык даярдалат.

Өтүнмөлөрдүн электрондук версиясы knugrant@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүлөт, ал эми басма түрүндөгү нускасы Илим жана илимий-аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнө (5-корпус, 222-кабинет) тапшырылат.

Добавить комментарий