2026-жылдын 27-июнунда Кесиптик колледжде бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу кече болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчү студенттерге окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы жана ар тараптуу ийгиликтери үчүн ардак грамоталар менен сертификаттар тапшырылды, ал эми ата-энелерге студенттердин билим алуусуна жана тарбиясына кошкон зор салымы, колледж менен тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык каттары ыйгарылды.
Кесиптик колледждин жамааты бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, келечектеги кесиптик жолунда чоң ийгиликтерди, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалайт.
(С) Болотбеков Чынгыз — тарбия иштери боюнча директордун орун басары