2026-жылдын 9-апрелинен 25-июнуна чейин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын 2-курс студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Кашгар университетинде окуп, тажрыйба алмашып кайтышты.
Иш-чаранын башкы максаты — студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, эл аралык чөйрөдө тажрыйба топтоо жана маданий байланыштарды чыңдоо. 3 айлык окуу процессинде студенттер Кашгар университетинин алдыңкы профессордук-окутуучулук курамынан сабак алып, заманбап лабораторияларында жана китепканаларында өз билимдерин тереңдетишти.
Окуу программасы негизги адистиктик предметтерден сырткары, тил үйрөнүү жана заманбап технологияларды өздөштүрүү багыттарын камтыды. Студенттер о.э. Кытай Эл Республикасынын бай тарыхы, маданияты жана каада-салты менен жакындан таанышып, эл аралык маданий иш-чараларда Кыргызстан менен Улуттук университеттин намысын татыктуу коргоо менен кыргыз маданиятын да тааныта алышты.
Студенттерибизди эл аралык программаны ийгиликтүү аяктап келиши менен куттуктайбыз жана окууларына ийгилик каалайбыз!
(С) Шаршенбек кызы А. — чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын доценти