2026-жылдын 22-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев 6-окуу имаратына барып, ал жерде жайгашкан КУУнун кабыл алуу комиссиясынын даярдыгын текшерди.
Ал адегенде институт, факультет, колледждердин техкатчылары менен жолугушуп, ал жердеги кабыл алууга зарыл болгон техникалык жана канцеляриялык каражаттар, о.э. техкатчыларга түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Андан кийин, 126-кабинетте Бишкектеги жана аймактардагы институт, факультет, колледждердин техкатчылары менен жыйын өткөрүп, абитуриенттерди кабыл алуу Улуттук университет үчүн өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү иш-чара экенин белгиледи жана пайда болгон маселелерди оперативдүү чечүү үчүн мындай жыйындарга ар бир жетекчи катышуусу зарыл экендигин, тузүмдөр тарабынан даярдалган буклеттерде жана башка кагаз продукцияларында каталар болбош керектигин эскертти. Проректордун айтымында, кабыл алуу комиссиясынын эшиги абитуриенттер үчүн ар дайым ачык болуш керек, түшкү тамак учурунда да.
Быйылкы жылдагы Улуттук университетке кабыл алуу планы жана кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр тууралуу кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов маалымат берди.
Алайбек Шамшиев менен Изат Усенов о.э. катышуучулардын, айрыкча аймактагы түзүмдөрдүн техкатчыларынын көптөгөн суроолоруна жооп беришти.
Жыйындын соңунда Алайбек Шамшиев кабыл алуу комиссиясынын курамында акыркы 4 жылдан бери үзүрлүү иштеп, кабыл алуу өнөктүгүн уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон зор салымы үчүн
- И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу Самат Джолочиевди,
- Юридикалык колледждин директорунун практика боюнча орун басары Руслан Мамбеталиевди,
- А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Венера Керималиеваны,
- Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун ага окутуучусу Бакир Жадиловду,
- Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин окутуучусу Талайбек Ибраевди,
- Ош шаарындагы гуманигардык-табигый илимдер факультетииин окутуучусу Медербек Айтназаровду,
- Экономиканын жогорку мектебинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Назира Сулайманованы
- Математика жана информатика институтунун окутуучусу Чынара Эсеналиеваны
“Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйлады.