Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси прототиптөө жана коммерциялаштыруу максатында перспективдүү технологияларды жана иштеп чыгууларды тандоо боюнча арыздарды кабыл алуу башталганын жарыялайт.

Тандоо тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын ИЖББИМ расмий сайты жана Инновациялык борбордун социалдык тармактарындагы расмий баракчаларында жарыяланат:

Кимдер катыша алат?

Тандоого Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын резиденти болгон юридикалык жактар, иштеп чыгуусуна жарактуу патенти бар катышуучулар кабыл алынат.

Негизги талаптар:

  • инновациялык жана практикалык колдонууга ылайыктуу болушу;
  • Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу өнүгүү багыттарына шайкеш келиши;
  • коммерциялаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн болушу;
  • масштабдоо мүмкүнчүлүгү;
  • долбоорду ишке ашырууга даяр команданын болушу.

Керектүү документтер:

  • арыз;
  • технологиянын же иштеп чыгуунун сүрөттөлүшү;
  • патент (же Мамлекеттик реестрден көчүрмө);
  • прототиптөө үчүн зарыл болгон чыгымдардын алдын ала сметасы.

Тандоо эки этапта жүргүзүлөт:

  • Инновациялык борбор тарабынан арыздарды жана документтерди текшерүү;
  • Эксперттик комиссия тарабынан долбоорлорду кароо жана баалоо.

Артыкчылыктуу багыттар:

  • санариптик технологиялар;
  • биотехнологиялар;
  • жашыл экономика;
  • өнөр жай;
  • креативдүү индустриялар;
  • коопсуздук жана социалдык инновациялар.

Каржылоо:

Жыл сайын 5 долбоорго чейин колдоо көрсөтүлөт.
Бир иштеп чыгууга берилүүчү каржылоонун максималдуу көлөмү — 400 000 сомго чейин.

Арыздарды кабыл алуу жарыя расмий интернет-ресурстарга жарыяланган күндөн тартып башталат.

Арыздарды төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтсө болот:

fablab.ic2026@jeenbek_admin

Маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

0 705 195 031, 0 500 008 791

Добавить комментарий