2026-жылдын 2-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуу жайдын Сапатты башкаруу системасынын (КУУ СБС) ISO 9001:2015 стандартына шайкештиги боюнча эл аралык аудиттин катышуучуларынын киришүү жыйыны өттү.

Иш-чараны илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу ачып, сөз кезегин КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоевге берди.

Ректор алгач КУУнун Сапатты башкаруу системасынын эл аралык аудитору — эл аралык Haensch Group компаниялар тобунун өкүлү, «Хенш Развитие Качества» ЖЧКсынын сапатты башкаруу боюнча директору, аккредитация боюнча башкы эксперт жана башкаруу системаларынын жетектөөчү аудитору Анна Юрьевна Нестеренкону тааныштырды. Андан ары ал сапатты башкаруу системасы Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагында, анын ичинде Кыргыз улуттук университетинде ишке ашырылып жаткан реформалардын натыйжалуулугун баалоо үчүн эң объективдүү курал болуп кызмат кылаарын белгиледи. — Ошондуктан, Улуттук университет үчүн эл аралык ISO 9001:2015 стандартына толук жооп берген өнүккөн Сапатты башкаруу системасын түзүү абдан маанилүү. Көз карандысыз эл аралык аудиттен өтүү — Ж.Баласагын атындагы КУУнун академиялык кадыр-баркын көтөрүү жана имиджин бекемдөө үчүн күчтүү стимул болуп саналат. Баарыбызга жемиштүү кызматташууну жана ийгиликтүү иш аракеттерди каалайм», — деп жыйынтыктады сөзүн КУУнун ректору.

2-июндан 4-июнга чейин эл аралык аудитор менен иштеше турган КУУнун команда мүчөлөрү тааныштырылган соң, Анна Нестеренко сөз сүйлөдү.

Ал Haensch Group компаниясынын шайкештик сертификаты дүйнө жүзү боюнча таанылаарын билдирип, аудиттин жүрүшүндө КУУнун Сапатты башкаруу системасынын документтеринин ISO 9001:2015 стандартынын талаптарына, улуттук мыйзамдарга жана КУУнун ички эрежелерине шайкештиги каралып чыгаарын, аудит түзүмдүн ишмердүүлүгүн байкоо, маектешүү жана документтерди текшерүү методдору аркылуу жүргүзүлөөрүн жана аудитордун отчету текшерүүнүн акыркы күнү,б.а. 4-июнда жарыяланааарын билдирди.

Жыйындын расмий бөлүгүнөн кийин катышуучулар КУУнун сапатты башкаруу системасынын аудит кылууга киришти.

Добавить комментарий