2026-жылдын 30-май күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда 31-май — Университеттин күнү белгиленди.

Бул окуяга арналган салтанаттуу жыйынга КУУнун ректору Д.Т.Чонтоев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Асылбек Мурзаев, Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжа жана башка сыйлуу коноктор катышты.

Майрамдык иш-чара театралыштырылган пролог менен башталып, илимге умтулган жаштардын кыялы, келечекке умтулган жана талпынган жаштардын бүгүнкү күнү кенен чагылдырылды.

Андан кийин КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев чыгып сүйлөп, жалпы жамаатты 31-майда белгиленүүчү Улуттук университеттин күнү менен куттуктап, кесиптештерине чыгармачыл дем, илимий жана кесиптик ийгиликтерди, ал эми студенттерге окуудагы ийгиликтерди, бийик максаттарды жана жаркын келечекти каалады. Ректордун айтымында, Университеттин кылымга созулган тарыхы — бул ата мекендик илимдин, жогорку билим берүүнүн, мамлекеттик башкаруунун жана Кыргызстандык улуттук интеллигенциянын калыптануусунун тарыхы. Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттеринин кошулушу — өлкөдө эң ири, көп кампустуу Улуттук университеттин калыптанышынын башталышы, өнүгүүнүн бир жолу болуп калмакчы. Бул чечим — жөн гана университеттердин биригиши эмес, бул — өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын бириктирүү, жаштарды тарбиялоо, аларга билим, илим берүү аркылуу улуттук биримдикти чыңдоо.

Улуттук университеттин жамаатын окуу жайдын туулган күнү менен о.э. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Асылбек Мурзаев, Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров, Фергана мамлекеттик универститетинин профессору Набижон Темиров, М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун профессору Миталип Тайиров ж.б. куттукташты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун айрым кызматкерлери «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы, ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланды.

Майрамдык кечени М.М.Тайиров атындагы КГПИнин таланттуу окутуучулары жана студенттеринин аткаруусундагы ыр-бийлер менен коштолуп турду.

Иш-чаранын соңунда Улуттук университеттин гимни аткарылып, салют атылды.

Майрамдык иш-чара КУУнун расмий сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында түз эфирде чагылдырылды.

Добавить комментарий