2026-жылдын  26-майында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кытайдын глобалдык телекөрсөтүү тармагынын (CGTN) өкүлдөрү менен  жолугушту.

Жолугушууда эки мекеменин ортосундагы маалыматтык жана маданий алакаларды чыңдоо, буга чейин КУУнун базасында өткөрүлгөн кыргыз-кытай мамилелери боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө пикир алмашуу болуп, быйыл Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылып жаткандыктан, өлкөдө эл аралык маанидеги форумдарды уюштуруу жана өткөрүү иштери талкууланды.

Ректор Догдурбек Чонтоев илим жана билим берүү жаатындагы ар кандай иш-чаралар, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагындагы эл аралык форумдар Улуттук университеттин студенттери менен жаш окумуштуулары үчүн пайдалуу жана кызыктуу экендигин белгиледи.

Жолугушууга о.э. Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк катышып, өзү жектеген институттун ишмердүүлүгү, келечектеги кадрлар менен иш барып баруу тууралуу айтып, медиа багытындагы тажрыйба алмашууларга токтоло кетти.

Жолугушуунун соңунда  тараптар өз ара пайдалуу демилгелерди өнүктүрүүгө, кызматташтыкты менен ары тереңдетүүнү макулдашышты.

Добавить комментарий