2023-жылдын 11-ноябрында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен маалымат жыйынын өткөрдү.

Иш-чаранын башында министр Догдуркүл Кендирбаева журналисттерди кесиптик майрамы болгон 7-ноябрь – Басма сөз жана маалымат күнү менен куттуктап, алардын иши өтө маанилүү, өтө мазмундуу жана жооптуу экенин белгиледи жана ийгиликтерди каалады.

– Биз сиздер менен сөзсүз түрдө жигердүү иштешибиз керек, – деп улантты сөзүн Догдуркүл Кендирбаева. – Анткени, сиздер эл менен болгон кайтарым байланышты камсыз кылып, министрликтеги, жалпы эле билим берүү саясатындагы болуп жаткан реформаларды, өзгөрүүлөрдү, жетишкендиктер менен кемчиликтерди элге жеткирип турасыздар, б.а. маалымат аркылуу коомдун ортосундагы данакерлик, агартуучулук жана кайсы бир тема боюнча элдин билимин жогорулатуу миссиясын аткарасыздар. Мындан улам  сиздерге терең ыраазычык билдиребиз жана сиздердин жасаган иштериңиздерди жогору баалайбыз.  

Андан ары министр Д.Ш.Кендирбаева журналистика жаатында көп жылдык үзүрлүү эмгеги, о.э. Билим берүү жана илим министрлигинин ишмердүүлүгүн ачык-айкын жана калыс чагылдырып келген массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө Билим берүү жана илим министрлигинин “Кызматташтык салымы үчүн” төш белгисин жана ыраазычылык каттарын тапшырды.  Буга кошумча журналисттердин билим берүү системасына байланышкан суроолоруна жооп берди.

Добавить комментарий