2026-жылдын 12-май күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишекеев КУУнун Талас аймактык көп тармактуу институтуна барып, окуу жайдын жамааты менен жолугушту. Жыйында ал КУУнун ректору Догдурбек Чонтоевдин институттун директору жана окуу иштери боюнча директордун орун басары тууралуу буйругун жамаатка тааныштырды.

Назаркул Ишекеев өз сөзүндө окуу жайдын интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу, инновациялык билим берүү технологияларын киргизүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды сактоо жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо негизги артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү системасындагы заманбап талаптар, башкаруунун натыйжалуу механизмдери, билим сапатын жогорулатуу, илимий-методикалык иштерди өркүндөтүү жана тарбиялык багыттагы ишмердүүлүктү күчөтүү маселелери кеңири талкууланды.

Андан кийин, КУУнун проректору институттун окуу имараттарынын, билим берүү борборлорунун жана курулуп жаткан жаңы окуу имаратынын абалы менен таанышты. Таанышуу учурунда окуу процессин уюштуруудагы инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөр, заманбап окуу чөйрөсүн түзүү, санариптик билим берүү ресурстарын өнүктүрүү жана студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Назаркул Ишекеевдин айтымында, учурда курулуп жаткан жаңы окуу имараты келечекте билим берүү сапатын жогорулатууга, илимий-изилдөө иштерин кеңейтүүгө жана студенттердин чыгармачылык, интеллектуалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Мындай жолугушуулар жана уюштуруучулук иштер окуу жайдын институционалдык өнүгүүсүн камсыз кылуу менен бирге, билим берүү жана тарбия иштеринин сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызмат кылат.

(С) Тагайбек кызы Гүлшан — мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректорунун катчысы

Добавить комментарий