2026-жылдын 30-апрелинде Социалдык-гуманитардык илимдер институтунда «Педагогика» багытынын студенттери, магистранттары үчүн өзгөчө актуалдуу тренинг өткөрүлдү. Иш-чара үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө болочок мугалимдердин методикалык даярдыгын жогорулатууга багытталды.

Тренингдин негизги багыттары:

  • диагностика жана талдоо: катышуучулар «Зомбулук – ассоциация» жана атайын анимациялык фильмдердин жардамы менен зомбулуктун жашыруун формаларын (психологикалык кысым, кайдыгерлик) таанууну үйрөнүштү;
  • практикалык алгоритм: «миф же чындык» жана ролдук оюндар аркылуу мугалимдин кырдаалга карата конкреттүү иш-аракеттер планы («Байкайм – Жаздырам – Билдирем – Колдойм») иштелип чыкты;
  • психологиялык туруктуулук: арт-терапиялык көнүгүүлөр аркылуу кесиптик стрессти жеңүү жана эмоционалдык тең салмактуулукту сактоо ыкмалары көрсөтүлдү.

Тренингдин жүрүшүндө келечектеги мугалимдер бала үчүн ишенимдүү таяныч болуунун жана кесиптик этиканы сактоонун маанилүүлүгүн талдашты. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар педагогикалык ишмердүүлүктө зарыл болгон практикалык сунуштамаларды алышты.

(С) Нурбекова С.Н. — ага окутуучу

Добавить комментарий