2026-жылдын 14-апрелинде Юридикалык институтка Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары Дүйшеев Карыбек Арстанбекович келип, студенттер үчүн конок лекция окуп кетти.
«Конституциялык жана муниципалдык укук» кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору Асия Эсенбекованын демилгеси менен уюштурулган жолугушуу жөн гана лекция эмес, чыныгы кесиптик тажрыйба жана баа жеткис сабак болду.
Карыбек Арстанбекович өз сөзүндө төмөнкү маанилүү маселелерге токтолду:
- Конституциялык соттун ролу: Мамлекеттик түзүлүштөгү соттун өзгөчө орду жана функциялары;
- кесиптик жоопкерчилик: Юрист кесибинин моралдык жүгү, этикасы жана принциптери;
- практикалык тажрыйба: Мыйзам үстөмдүгүн орнотуудагы жана укуктук мамлекетти чыңдоодогу жандуу мисалдар.
Студенттер лекторго кызыктуу суроолорду берип, практикалык багытта терең маалымат алышты. Мындай жолугушуулар жаш адистердин профессионалдык деңгээлинин өсүшүнө жана өз кесибине болгон кызыгуусунун артышына чоң өбөлгө түзөт.
(С) Бакова А.Б. — Юридикалык институттун директорунун орун басары